Эртең, 23-майдан 27-майга чейин «Бишкек-Нарын-Торугарт» жолунун Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.
Иштер күн сайын 9:00дөн 15:00гө чейин жасалат. Бул учурда жолдун бир тарабы жабылып, аны МАИ кызматкерлери көзөмөлдөйт.
Унаалар топтолуп калган кезде, иш токтотулуп, кезек-кезеги менен өткөрүлүп турат.
Иштер тоо боорундагы бошоп калган таштардын кулап кетүү коркунучунун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.