Марал Радиосу

Ошто алыш күрөшү боюнча Азия чемпионаты башталды

21-майда Ош шаарынын Акматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионунда эркектер жана кыз-келиндер арасында алыш күрөшү боюнча Азия чемпионаты башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Чемпионатка катышуу үчүн Индия, Иран, Казакстан, Монголия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Япония сыяктуу 11 мамлекеттен 300гө жакын спортчу келген.

Чемпионаттын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты, Бириккен күрөш дүйнөсүнүн Бүткүл дүйнөлүк бел боо күрөшү боюнча комитетинин президенти Чолпон Султанбекова, салттуу күрөштүн эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Спортчулар 20дан ашык салмак категориясында күч сынашууда.

Белгилей кетсек, мындай чемпионат Ош шаарында биринчи жолу өтүп жатат. Иш-чара 21-майдан 23-майга чейин өтүп, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Түркиянын Изник ​​шаарында өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тандоонун экинчи этабы болуп саналат.