Марал Радиосу

Министр Ажикеев ири жол кырсыгы катталган Кадамжайга барды

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 21-майда Кадамжайда ири жол кырсыгы катталган жерге барды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

21-майда саат 16:00 чамасында Кадамжай районунун Айдаркен шаарчасынын Чечме айылына бара жаткан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Хово» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа (трал) үстүнө жүктөгүч жүктөп бара жатып, Чечме айылында жайгашкан «Чечме» чек ара өткөрүү постунда 13 унааны сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен 8 адам каза болду, анын экөө Өзгөчө кырдаалда министрлигинин кызматкери, дагы  7 адам (2 жаш өспүрүм) ар кандай оор жаракаттарды алышкан.

Унаанын ичиндеги куткаруучулар катуу жааган жаандан жабыркаган Кадамжай районунун Бөжөй айылына сел каналдарды жана габион торчолорду орнотууга бара жаткан.