Марал Радиосу

Байсалов окуучуларды англис тилин тереңдетип үйрөнүүгө чакырды

21-майда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында мектеп бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Эдил Байсалов мамлекет тарабынан билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөрдү айтып, учурда талап кылынган жана келечектүү кесиптердин өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, ЖОЖдорго тапшырууда туура адистикти тандоо боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.

Байсалов окуучуларды инженердик-техникалык адистиктерге, IT-сфера багыттарына тапшырууга, англис тилин тереңдетип үйрөнүүгө чакырды.

Мектеп окуучулары билим берүү тармагындагы көйгөйлөр, болочок кесипти тандоо, жаштарды окутуу үчүн жаңы маданий-агартуу объектилерин, музыкалык окуу жайларды куруу боюнча суроолорду беришти.