Марал Радиосу

Шыбы ураган мектеп: Мугалимдин абалы жакшы

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Чаткалдагы шыбы ураган мектепте болгон кырсыктан жабыркаган мугалим Асия Сакеевадан кабар алды. Ал учурда Ала-Бука жалпы дарыгердик практика борборунда дарылануусун улантууда.

Министр сабак учурунда күтүүсүз кырсыкка кабылган окутуучуга ден- соолук каалап, окуучуларына кайрадан эртерээк сабак бере баштоосун тиледи. Алмазбек Бейшеналиев Асия Сакеевага жайкы каникул учурунда Ысык-Көл облусундагы ден соолукту чыңдоочу санаторийлердин бирине үй-бүлөсү менен эс алып келүү үчүн жолдомо берилерин айтты.
Ала-Бука райондук ооруканасына жаткырылган мугалимдин абалы жакшы, 2-3 күндөн кийин үйүнө чыгарылат.

Эскерте кетсек, 17-майда Чаткал районундагы Чымканаев атындагы №8 мектептин 3- «А» классынын шыбы урап, кырсык катталган жерге 3 куткаруучу тартылып, 18 окуучу менен 1 мугалим  коопсуз жайга чыгарылып, Ала-Бука райондук ооруканасына жеткирилген эле.