Марал Радиосу

Кадамжайдагы жол кырсык: Көз жумгандардын экөө ӨКМ кызматкери

Кадамжайдагы жол кырсыгында каза болгондордун саны сегизге жетти, экөө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

21-майда саат 16:00 чамасында Кадамжай районунун Айдаркен шаарчасынын Чечме айылына бара жаткан 1961-жылы туулган А.К., атуу айдоочу HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы менен алдыңкы жүктөгүч SEM655D атайын техникасын алып баратып жол кырсыгына кабылган.

Жол кырсыгынын себеби HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын тормозу иштебей калган, бул унаа Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таандык.

Жол кырсыгы болгон Чечме айылында жайгашкан «Чечме» чек ара өткөрүү постунда 13 унааны сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен 8 адам каза болду, анын экөө Өзгөчө кырдаалда министрлигинин кызматкери, дагы  7 адам (2 жаш өспүрүм) ар кандай оор жаракаттарды алышты.

Баткен облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Арзыбек Бөрүбековдун маалыматына таянсак, кырсыктан 14 адам жабыркаган.

«Жабыркаган эки жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыкты. Ал эми бешөө Айдаркен ооруканасынын хирургия бөлүнө жаткырылды. Бир бейтаптын абалы оор, калган төртөөнүн абалы орто оор деп бааланууда», — дейт ал.

Exit mobile version