Марал Радиосу

Акылбек Жапаров Мишустин менен телефондо сүйлөштү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде гуманитардык жана соода-экономикалык чөйрөлөрдө кызматташуу талкууланды.

Тараптар Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода көлөмүнүн өсүүсү канааттандыраарлык экенин айтып, өнүгүү оң динамикада баратат деп белгилешти.