Марал Радиосу

Өзбекстанда 27 уран кени өздөштүрүлдү

Өзбекстанда 27 уран кени өздөштүрүлдү. Бул тууралуу Өзбекстандагы геология тармагын өнүктүрүү боюнча презентацияда айтылды.

Аталган презентация Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге кечээ, 19-майда сунушталды. Анда өлкөдөгү кендерди казуудагы тоскоолдуктар жана аларды чечүү жолдору да айтылган.

Маалыматта өзбекстандык геологдор 27 уран казып алуучу кенди табышканы айтылат. Эми аларды казуу үчүн мамлекет 2022-2026-жылдарга атайын тоо-кен программасын кабыл алмакчы. Программага ылайык, Өзбекстандагы уран кенин иштеткен эң ири «Навоийуран» мамлекеттик ишканасына чет элдик адистер чакырылып, иштөө системасы толук заманбап ыкмага өткөрүлөт. Ошондой эле ишканага дагы 8 уран кенин казууга уруксат берилет, — деп айтылат маалыматта.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев дүйнөлүк рынокто урандын баасы өсүп жатканын белгилеп, кенди казуу долбооруна өзүнчө көңүл бөлүнөт деп билдирген. Ошондой эле Навои облусундагы Зарафшан, Ангрен жана Гузар аймактарындагы техникумдарда геолог адистерди окутуучу бөлүмдөрдү ачууну тапшырган.