Марал Радиосу

Алымкадыр Бейшеналиевдин тарапташтары акцияга чыкты (сүрөт)

Бүгүн, 20-майда Бишкекте Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди колдогон митинг өтүп жатат.

Министрликтин имаратынын алдына чогулгандар Бейшеналиевдин жүргүзүп жаткан реформалары туура багытта бара жатканын, бирок коррупция менен күрөшкөндөр куугунтукка алынып жатканын айтышууда.

Алар министрдин үч орун басарын кызматтан кетишин талап кылууда.

«Мага айтылган маалыматтар боюнча, министрдин үч орун басарына кызматтык иликтөө башталды. Иликтөөдөн кийин орун басарлар кызматтан кетет деп ишенем» , — деди жарандык активист Атай Бейшенбек.

Ушундай эле митинг 17-майда да өткөн.

16-майда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин орун басарлары Улук-Бек Бектурганов, Жалалидин Рахматуллаев, Жапаркул Ташиев жана айрым башкармалыктардын жетекчилери министрдин кызматтан кетишин талап кылып, маалымат жыйын өткөрүшкөн.