Марал Радиосу

Өкмөттө эски органдын базасында жаңысы түзүлдү

Өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестиция боюнча кеңештин базасында Министрлер кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңеш түзүлдү.

Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Инвестициялык кеңеш мамлекет менен бизнес-коомчулуктун ортосунда натыйжалуу диалогду камсыз кылуу максатында түзүлгөн туруктуу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

«Мындай чечим бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субъекттеринин ишмердүүлүгүн коргоо жана колдоо механизмдерин, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүдө кызыкдар тараптардын ишин координациялоо максатында кабыл алынды» , — деп айтылат маалыматта.