Марал Радиосу

«Акыркы коңгуроо» салтанаты 9-июнда өтөт

Кыргызстанда «Акыркы коңгуроо» салтанаты 9-июнда саат 9:00дө өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

2021-2022-окуу жылы билим берүү уюмдарында 8-июнда аяктайт. Окуу жылынын аяктап баратканына байланыштуу министрлик республикадагы бардык райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, усулдук билим берүү борборлорунун жетекчилери менен жолугушуу өткөргөн. Анда мектептерде «Акыркы коңгуроо» салтанатын коопсуздук талаптарына ылайык уюштуруу маселелери каралган.

Мектеп жетекчилерине окуучулардын коопсуздугун камсыздоо тапшырмасы берилип, мектептен чыккандан кийин жоопкерчилик ата-энелердин мойнунда болору эскертилди.

2021-2022-окуу жылы 15-сентябрда башталган. Быйыл мектепти 60 миңден ашык адам окууну аяктайт.