Марал Радиосу

Жапаров Токаевди туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 18-майда президент Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны туулган күнү менен куттуктады.

Садыр Жапаров сүйлөшүү учурунда кыргыз тараптын стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө, Казакстан менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө даярдыгын билдирди.

Касым-Жоомарт Токаев Садыр Жапаровго куттуктоосу жана жылуу каалоолору үчүн ыраазычылык билдирип, боордош өлкөлөр ортосундагы кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин белгиледи.

Казак президенти Касым-Жоомарт Токоев 17-майда 69 жашка толду.