Биз менен байланышыңыз

Депутат майыптыгы бар окуучуларга ЖРТ сынагын өзүнчө өткөрүүнү сунуштады

Кыска кабар | 18 мая 2022 | 245 | 0

Жалпы республикалык тестирлөөнүн сынагына майыптыгы бар балдарды өзүнчө киргизүүнү Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев бүгүнкү жыйында сунуштады.

Анын айтымында, майып балдарга өзүнчө убакыт каралышы керек. Себеби алар үчүн туура жоопторду тоголоктоо кыйын жана бир топ убакытты алат.

«Жакында өлкө боюнча ЖРТ сынактары башталат. Анда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды өзүнчө сынак өткөрүш керек. Алар катардагы балдар менен бирдей убакытта жаза алышпайт. Ошондуктан алар белгиленген мөөнөттө толук аягына чыкпагандыктан аз балл алып калып жатышат» , — деди ал.

Ошондой эле ал бул боюнча протоколдук тапшырма берүүнү төрага Талант Мамытовдон суранды.

Эске салсак, 2022-жылы абитуриенттер үчүн Жалпы республикалык тестирлөө төмөнкү мөөнөттөрдө өткөрүлөт:

  • I этап: 2022-жылдын 24, 25-майында (23-май – тест борборлорун даярдоо күнү);
  • II этап: 2022-жылдын 27, 28-майында (26-май – тест борборлорун даярдоо күнү);
  • III этап 2022-жылдын 24, 25-июнунда (23-июнь – тест борборлорун даярдоо күнү).

Соңку III этапта жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтү жылдырылган тестирлөө өткөрүлөт.

Каттоого жетишпей калган абитуриенттер үчүн 2022-жылдын 23, 26-майда жана 23-июнда тесттик борборлордо кошумча каттоолор жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM