Биз менен байланышыңыз

«Мыйзамдарды колдоону президенттин өкүлдөрү эшик каккылап суранып жатышат»

Кыска кабар | 18 мая 2022 | 2717 | 0

Акыркы убакта Жогорку Кеңеште кызыктай окуяларга туш болуп жатабыз. Тактап айтканда мыйзамдар көп учурда керектүү процедуралады бузуп, күчө салып эле келип жатат. Мындай пикирин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери Нурланбек Шакиев бүгүнкү жыйында билдирди.

Анын айтуусуна ылайык, мыйзам долбоорлоору мыйзамсыз жолдор менен алынып келүүдө.

«Мыйзам долбоорлору тиешелүү нормаларды бузуу менен «тиги суранды», «колдоп коюш керек» деп президенттин, өмөттүн өкүлдөрү эшик каккылап суранып жатышат. Биз керектүү учурда өлкөнүн, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы болсо, «макул» болуп колдоп берип жатабыз. Бирок бул өнөкөткө айланып калды, буга чекит коюшубуз керек. Антпесек, сапатсыз, айрым бир топтордун гана кызыкчылыгына иштеген мыйзам долбоорлору кабыл алынышы мүмкүн болууда», — деди Шакиев.

Ошондой эле ал кечээ комитетте талкууланган «Курултай жөнүндө» мыйзам долбоорунда да өздөрүнө ашыкча ыйгарым укуктарды жазып алгандыктарын сынга алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM