Биз менен байланышыңыз

Евразиялык экономикалык форум: Унаа кыймылына чектөө киргизилет

Кыска кабар | 18 мая 2022 | 268 | 0

Бишкекте 26-27-майда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жана Евразиялык экономикалык форумдун мүчөлөрүнүн жыйыны өтөт. Буга байланыштуу Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиришти.

Эл аралык маанидеги иш-чараны өткөрүүдө жол коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу максатында Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы борбор калаанын тургундарын жана конокторун киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM