Марал Радиосу

«Чек талап кылып, белек утуп ал!» лотереясына катышуу үчүн бир гана кассалык чек жарайт

10-майда Мамлекеттик салык кызматы тарабынан “Чек талап кылып, белек утуп ал!” аталышындагы лотерея старт алды. Анда автоунаа, iPhone, баалуу белектер, ал эми супербайгеге Бишкектен батир ойнотулат.

Мамлекеттик салык кызматынын ККМ-онлайн бөлүмүнүн ага инспектору Жаннат Абдыракманова «Маралдын» эфиринде лотереянын шарттарын түшүндүрдү.

Алгач лотереяга катышуу үчүн «Салык чек» тиркемесин жүктөп, ага жазылуу талап кылынат. Соода кылган ар бир учурда ККМ аппаратынын чегин талап кылуу керек. Андан соң касса чегинин  QR-кодун сканерлеп, мобилдик тиркемеге жүктөш керек.

Топтолгон касса чегинин суммасы автоматтык түрдө номерлерге алмаштырылып турат. 1000 сомдук чекке бир уникалдуу  ID ыйгарылат.

«Азыркы тапта көпчүлүк соода түйүндөрдө кассалык чек эмес товардык чек берип коюп жатышат. Ал жарабайт, система аны окубайт. Лотереяга катышуу үчүн бир гана кассалык (фискалдык) чек талап кылынат. Кассалык чекте: соода түйүнүн адреси, аталышы, эмне сатып алдыңыз, канча даана сатып алдыңыз тууралуу маалыматтар жана QR-код бар. Ал эми товардык чекте бул маалыматтар көрсөтүлбөйт. Ушуга сөзсүз көңүл буруу керек».

Абдыракманова ар бир жаран соода кылып жаткан жерден кассалык чекти талап кылууга укуктуу экенин баса белгиледи.

Бүгүнкү күндө колдонуучулар 300 миңге жакын чекти сканерлеп тиркемеге жүктөдү.