Биз менен байланышыңыз

Президент Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика министри менен жолугушту

Кыска кабар | 18 мая 2022 | 322 | 0

Президент Садыр Жапаров 17-майда Абу-Даби шаарында экономикалык кызматташтык боюнча Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль Мазурэй менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Анда эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө кызматташтыгын күчөтүү боюнча пикир алмашышты.

Аны менен катар Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу жана бул багытта БАЭ тажрыйбасын колдонуу боюнча иш тобунун ишмердүүлүгүн активдештирүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле, Бириккен Араб Эмираттарынан Кыргызстанга туристтерди тартуу боюнча маселелер талкууланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM