Кыргызстанда биринчи жолу 100гө жакын мекеме уюмдар биригип, билим берүү тармагындагы беш мыйзамды жаңыдан иштеп чыгууда. Мыйзам долбоорундагы негизги басым билим берүү тармагында мектептерге эркиндик берүү, дерегуляция саясатын жүргүзүү жана мамлкеттин кийлигишүүсүн азайтуу болуп саналат. Билим берүү жаатындагы эмгектенген адистер жана жарандык коомдун өкүлдөрү токтолгон негизги көйгөйлөргө жана сунуштарга алдыда кененирээк токтолобуз.
Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңеште «Билим берүү жана улуттук коопсуздук» аталышындагы жыйын өттү. Анда билим берүү тармагындагы беш мыйзамды бириктирип, долбоордун үстүнөн иштеп жаткан «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзам болбоору каралды.
Анда жыйындын демилгечиси депутат Балбак Түлөбаев тармакка тиешелүү маселелерди адистер жана мугалимдердин оозунан угуу максатында уюштурулуп жаткандыгын белгилеп, билим берүү тармагын өнүктүрүү башкы максат экендигин белгиледи.
«Ушуга чейин эле билим берүүдө бир өзгөрүү болгон жок. Эч кандай жылыш болгон жок. Ушунтип эле бир орунда калып, ордубуздан жылбай отура беребизби? Мына мектептин директорлору менен канча кырылыштык. Бишкектеги мектеп директорлорунун айдаган унаасы менен жашаган үйүн карасаңар. Бир бала бакчанын директору Кыргызстандан чет өлкөгө бир жылда 37 жолу чыккан. Мен аны УКМК аркылуу текшерткем. Казакстанга чыгып бизнес кылышкан. Биз бала бакча менен мектептерди гана айтып жатабыз, а университеттерчи?».
Аталаган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири экс-депутат Абдывахап Нурбаев баардык нерсе мамлекеттин көзөмөлүндө болгондуктан, коррупциялык схемалар күчөп кеткендигин айтат. Анын айтымында, аталаган мыйзам долбооррдун негизги максаты — билим берүү тармагына мамлекеттин кийлигишүүсүн азайтуу.
«Буга чейин болгон билим берүү тармагындагы 5 мыйзамды жаңыдан иштеп, Билим берүү министрлигине сунуштаганбыз. Андан кийин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун буйругу менен жумушчу топ түзүлгөн. Ал жерде жарандык коомдун өкүлдөрү, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана депутаттар бар. Мыйзам долбоорундагы негизги басым билим берүү тармагында мектептерге эркиндик берүү, дерегуляция саясатын жүргүзүү жана мамлкеттин кийлигишүүсүн азайтуу болуп саналат. Анткени баардык нерсе мамлекеттин көзөмөлүндө болгондуктан, коррупциялык схемалар өтө күчөп кеткен. Жеке менчик бала бакча ачыш үчүн талаптар өтө чоң. Мисалы бир үйдүн бийиктиги үч метр болушу керек дегендей талаптар бар. Анын негизинде көптөгөн бала-бакчалар ачык иштей албай калышкан. Ошолорго эркиндик жана жеңилдик берип, эркин экономикалылык саясат жүргүзүү максатталууда».
Талкууда тармакка тиешелүү маселелер көтөрүлүп, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган мыйзамдарды өзгөртүүгө байланышкан сунуштар берилди.
Алсак укук коргоочу Анара Дауталиева Кыргызстан 30 жыл аралыгында эл аралык донорлордон 300 млн доллар колдоо алган менен билим берүү тармагынын сапаты жакшырбагандыгын сынга алды. Ошондой эле ал донорлор долбоорлорун даяр алып келип, ачык талкуулоого, өзгөртүүгө уруксат бербей тургандыгын айтып, бул билим берүү тармагындагы коопсуздукка коркунуч жарата тургандыгын эскертти. Ошондой эле ал донорлор сунуштаган долбоорлорду кабыл алууда өлкө өзүнүн талап жана сунуштарын коюш керектигин белгиледи.
«Кыргызстан 1992-жылы май айында Эл аралык валюта фондуна мүчө болгон. Алар менен келишим түзүп, 30 жыл аралыгында донорлордон 300 млн долларга жакын каражат колдоо алыптырбыз. Ошол акчаны мындай алып карасак, бирм берүү тармагын жакшыртып, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга болмок. Биз азыр биздин билим берүү сапатсыз болуп жатканын айтып жатабыз. Балдар 10-11 жыл окуйт, бирок аттестатты, диплому турмушка жараксыз болуп жатат. Бир нерсени айтып коеюн, биз реформа деп Билим берүү министрлигин, мугалимдерди тепкилейбиз. Мына ошол реформаларды Вашингтондон, Филипинден жазып, кайсы аймак, кайсы мектеп, кайсы мугалимге багытталган долбоор, талап, сунуштарын донорлор бизге алып келет. Бизге аны талкуулоого уруксат бербейт. Күчкө салып эле Жогорку Кеңешке алып келип, ратификациядан өткөрүшөт. Донорлор өлкөгө келип, «жашыруун күн тартиби» деп коет, биздин балдарды, билим берүү тармагын талкалап жатат. Ошондуктан донорлор келгенде өзүбүздүн сунуш-талаптарды коюшубуз керек».
Ал эми экономика министринин мурунку орун басары Элдар Абакиров билим жана тарбия маселеси чечилсе калган коопсуздук маселелери өзү чечиле тургандыгын айтат. Анын пикиринде, билим жетишпеген адам майып боло тургандыгын айтып, билитм берүү тармагындагы эки чоң койгөйдү атады.
«Биринчиден, мектеп жетишпейт. Анткени норма боюнча бир класста 25 окуучудан ашса, мугалим миң кыйын болсо дагы, 40-50 балага ойдогудай билим бере албайт. Кыргызстанда 670 мектеп жетишпейт. Арларды куруу үчүн ар бирөөнө 2 млн доллар кетирсек, 1,5 млрд доллар керек деген сөз. кыргыстан жылына 200 млн доллардан акча бөлсө дагы, 10 жылда толук куруп бүтө алабызбы-албайбызбы чоң суроо. Бул маселени чечүүнүн 2 жолу бар. Же насыя алышыбыз керек. Бирок азыркы кредитибиз эле 5 млрд доллар болгондуктан дагы кредит алууну көтөрө албайбыз. Экинчи маселе, биз Кыргызстандагы ишкерлердин, ички жана сырткы инвесторлордун потенциалын колдонолук. Ошону колдонуу бул мыйзамда сунушталып жаткан ваучер системасы. Өлкөдө 1 млн 350 миң окуучу бар. Аларга 30 млрд сомдун айланасында акча бөлүнөт. Ар бир окуучунун чөнтөгүндө 30 миң сомго жакын акчасы бар. Ошол акча окуучу кайсы мектепке барса чогуу барсын. Ата-эне жана мамлекет бала үчүн чечим чыгарбаш керек».
Мындан тышкары, жыйында бир катар катышуучулар өз пикирлери менен бөлүшүп, балдарды окууга кызктыруу, майып балдардын билим алуусуна шарт түзүү, медицина мекемелеринде билим берүү сапатын жакшыртуу жана мектептердеги коррупциялык жагдайларды жоюу өңдүү сунуштарды беришти.