Марал Радиосу

Ошто төрт эм төрөлдү

Бүгүн, 17-майда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов облустук төрөт үйүндө жарыкка келген төрт эмден кабар алды.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлагандай, ымыркайлардын ата-энесине 100 миң сом сүйүнчү берилди.

2-майда Ош шаарында Кара-Суу районунун 30 жаштагы тургуну төрт эм төрөгөн. Учурда ымыркайлардын жана эненин абалы жакшы экени айтылды. Алар үйүнө чыгарылган.

Exit mobile version