Марал Радиосу

Абдымен: Орусия ЖККУга мүчө өлкөлөрдөн саясий колдоо күтөт

Бүгүн Орусиянын Москва шаарынында Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун коопсуздук кеңешинин мааракелик жыйыны өтүүдө. Анда президенттер аймактык коопсуздук жана эл аралык кызматташтыкка байланыштуу маселелерди карашууда. Иш-чара Жамааттык коопсуздук келишиминин 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына арналган. Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун бүгүнкү күндөгү орду кандай? Уюм өз милдеттерин толук аткарып жатабы? Бул суроолордун алкагында эл аралык мамилелер боюнча серепчи Кубан Абдымендин пикирин тыңдадык. 

— Москвада Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Аны мааракелик деген менен менен ар ким ар түрдүү болжолдорун айтышууда. Жыйындын негизги максакты кандай, кандай максаттарды көздөшү мүмкүн?

— Эки нерсе даана көрсөтүлгөн. Бул Жамааттык коопсуздук келишиминин 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгы белгиленген атайын мааракелик жыйын болуп жатат. Бирок бул чындап келгенде шылтоо эле. Мунун артында «Орусиянын учурда дүйнөлүк деңгээлде башынан өткөрүп жаткан кыйынчылыктарга ЖККУга мүчө болуп кирген өлкөлөр кандай көмөктөшө алат? Көмөктөшө албаса эмне себептен, ич ара пикир келишпестиктер барбы? Болсо аны кантип чечсе болот? Эгерде колдой тургандар болсо, анда эмне үчүн ачык колдобой жатат?» деген суроолорду кое тургандай болуп жатат. Эгерде Орусия ЖККУнун колдоосун ала албаса, башка бир жыйынтык чыгышы мүмкүн. Эгерде колдоо таап, саясатка тирек боло тургандай ойлор айтылса, анда башка саясат жүргүзгөнгө жол ачылат.

— «Орусия ЖККУга мүчө мамлекеттерден аскердик жардам сурашы мүмкүн» деген пикирлер айтылууда. Бул боюнча пикириңиз кандай?

— Бул болбогон иш деп эсептейм. Орусия өзү жардам берип жатып, берген жардамдарын кайра алмак беле?  Орусиянын курал-жарагы да күч -кубаты да өзүнө жетиштүү. Керек болсо башкаларга да жардам берүү мүмкүнчүлүгүн карап, жакында эле Тажикстандын чек арасын коргоого 100 млн доллар беребиз» деп макулдашылган экен. Демек, курал-жарак сураганга зарылдык жок. Бирок аскер сураса ал башка кеп. Ага бирок азыр учур жете элек. Анткени Украинада болуп жаткан иштерге аскеринин баары катышпастан үчтөн бир гана, чектелүү контингентте катышап жатат.

— Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму 30 жылда өз ордун таап, максатына жеттиби?

— Акыркы жылдарда максаттарына жете тургандай кадамдарды кылгандыгы талашсыз. Акыркысы эле ЖККУнун аскер күчтөрү Казакстанга кирип тартипти орнотууга болгон аракети, ЖККУнун өзүнө чоң пайда алып келе тургандай кадам болду. Демек, толук кандуу бутуна турбаса дагы, эл аралык таасирдүү уюмга айлана тургандай потенциалы бар экендигин көрсөттү. Болгон чоң бир маселе, ЖККУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы түрдүү талаш-тартыш маселелерди чечүү. Ошол маселелерди конфликт жарала электе, суутпастан чечип кое турган деңгээлге чыкса, анын аброю мындан да бийик деңгээлге көтөрүлөт.

— Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун мүчөлөрүнүн ичинде биримдик, бирдиктүү ой-пикир барбы? Себеби буга чейин Тажистандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунан кийин ЖККУ эч чара көрбөгөнү үчүн сынга кабылган болчу?

— Уюмдун мүчөлөрү ич ара маселелерин өз ара чечпесе, ЖККУнун аралашуусу менен чечкенге жол жок экендегиси талашсыз болуп калды. Баары эле буга көнүп бүттү. Эгерде ЖККУда өлкөлөр отосундагы ар кандай маселелерди чечкенге механизм иштелип чыкса, анда Кыргызстан менен Тажикстан, Орусия менен Беларустун, Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселелери чечилмек. Андай механизм иштелип чыкпагандыктан, ошого жете элек. Ошондой зарылдык бар экендигин түшүнгөндүктөн, ушул жыйынга катышкан мамлекет башчылары бир макулдашууга келүүгө зарылдык бар экендигин көрсөтүшүп, талкууда ошол маселени көтөрөт деп ойлойм.

— Маегиңиз үчүн ырахмат!

Exit mobile version