Марал Радиосу

Садыр Жапаров эртең Москвада ЖККУнун жыйынына катышат

Президент Садыр Жапаров 16-майда Москва шаарында өтө турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин саммитине катышат.

Быйыл саммитке Армения төрагалык кылат.

Иш-чаранын жыйынтыгында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 30 жылдыгына байланыштуу билдирүү кабыл алынары күтүлүүдө.