Марал Радиосу

Казакстандагы Нур-Султан «Жаштар» театры Бишкекке келет

Казакстандагы Нур-Султан мамлекеттик «Жаштар» театры Бишкек шаарына келет. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдады.

Боордош өлкөнүн актёрлору Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын сахнасында өнөрүн тартуулашат.

17-майда Габит Мусреповдун «Кыз Жибек» мюзикли, 18-майда Нурканат Жакыпбайдын «Жанарымда жалгыз обон» музыкалык спектакли коюлат.

Спектаклдер күн сайын саат 19:00дө башталат.