Марал Радиосу

УКМК: Караколдогу оорукананын директору пара алып кармалды (видео)

Бүгүн, 13-майда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында 100 миң 500 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн координатору, Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Б.Ж. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, кармалган дарыгер акча каражатын орто медициналык кызматкерлерден чогултушкан Ысык-Көл облусунун медициналык мекемелеринин жооптуу кызматкерлеринен алган.

Учурда тергөө жүрүп жатат.