Марал Радиосу

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Тажикстанга барды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Душанбе шаарына барды.

Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Отурумдун жүрүшүндө эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелерди талкуулоо, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жана мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйындарына сунушталган чечимдерди кароо пландалган.

Мындан тышкары, Кулубаевдин иш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт.