Марал Радиосу

«1 тонна чегиртке 2500 адамга ылайыкталган тамакты жеп коёт»

Чегирткенин Кыргызстанда пайда болуп, көбөйүшү өлкөнүн айыл чарбасына жана экологиясына өтө терс таасирин тийгизет, зыян келтирет. Бул тууралуу эколог Жээнбек Куленбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Чегирткелердин Кыргызстанга коңшу өлкөлөрдөн келе тургандары да бар. Тактап айтканда, келгин чегирткелер Казакстандан жана Өзбекстандан оойт.

«Алар кандай гана өсүмдүк болбосун баарын жей беришет. Булардын ылдымдыгы да абдан жогору, саатына 15-10 км. Бир күндө 200 километрге чейин жерди бат эле жеп коёт. Бир чегиртке 300 грамм жеп коё алат. Алардын саны 1 миллиондон 1 миллиардга чейин болот. Ошондо 1 тонна чегиртке  2,5 миң адам жей турган тамакты жеп коёт. Ошондуктан булар өтө зыяндуу», — деди Куленбеков.