Марал Радиосу

Төрт ишкана Санарип министрлигине өттү: Анын Ширшовго байланышы барбы?

Министрлер кабинетинин 10-майдагы токтому менен «Кыргызтелеком», «Евразия сактык банкы», «Альфа Телеком», «Дастан» ишканаларынын мамлекеттик акциялары Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан алынып, Санариптик өнүгүү министрлигине өткөрүлдү. Токтомдо акциялар ишканаларды жакшыртуу максатында которулганы жазылган. Коомчулук муну «Дастан» корпорациясынын мурдагы директору, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү катары таанылган Алексей Ширшовго байланыштырат. Санариптик өнүгүү министри Талантбек Иманов мурда Ширшовдун жеке айдоочусу болгону айтылып келет. Темага кененирээк токтолобуз.

«Кыргызтелеком», «Евразия сактык банкы», «Альфа Телеком», «Дастан» ишканаларынын мамлекеттик акциялары Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан алынып, Санариптик өнүгүү министрлигине берилди. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев 10-майда кол койгон. Токтомдун түшүндүрмөсүндө чечим ишканаларды жакшыртуу максатында кабыл алынганы айтылды. Санариптик өнүгүү министрлигин январь айынан бери Талантбек Иманов жетектейт. Аны президент Садыр Жапаров сунуштап, парламент колдогон. Ал 2020-жылдын октябрында өткөн парламенттик шайлоого «бийликчил» делген «Биримдик» партиясынан талапкер болгон.

Санариптик өнүгүү министрлигинин төрт ишкананы өнүктүрүү жаатындагы планын билүү үчүн басма сөз кызматына кайрылганыбызда, алар программа азырынча даяр боло элегин айтышты.

«Бул боюнча азыр маалымат даярдап, эртең пресс-конференция беребиз. Ошол жакта ишканаларды кантип, кандай жол менен өнүктүрө турганыбыз көрсөтүлгөн. Ошондуктан биз бардык маалыматты эртеңкиге даярдап жатабыз. «Маалыматтын баарын жазып чыгып, спикерди даярдап, эртең маалымат бергиле», — деген тапшырма келген».

Президент Садыр Жапаров өткөн жылдын 5-майында Башмыйзамдын жаңы редакциясына кол коюп жатып, мамлекеттик ишканалардын түзүмү өзгөртүлөрүн, баары жеке менчикке өтөрүн, аларды сатыкка даярдоого бир жыл убакыт кетерин кабарлаган. Андан бери толук бир өтсө да, бир да мамлекеттик ишкана сатыкка коюлган жок.

Ишканалардын кайсы министрликтин карамагына өткөнү маанилүү эмес, маселе ошол ишканалар мамлекетке керектүү болуп-болбогонунда дейт экономика министринин мурунку орун басары Элдар Абакиров. Анын айтымында, «Альфа Телеком», «Дастан» ишканаларынын мамлекеттик функцияга тиешеси жок.

«Ишканалар Мамлекеттик мүлк фондуна карайбы, Санарип министрлигине карайбы, формалдуу гана нерсе. Маселе мамлекеттин кыла турган ишине тиешеси барбы, ошондо. Башка министрликке берсе да, бул жерде мааниси жок. Бирок азыр ошол министр менен Ширшовдун бир-бирине жакын болгону албетте, шек жаратпай койбойт. Ишеним жок, керек болсо ошонун үйүндө жашаган,  ошонун машинеси менен шаарда жүрөт деп көрсөтүштү. Демек, байланышы бар. Ушундай жаңылыктар чыгып жаткан учурда өткөрүлүшү жакшы эмес. Бул карышкырга кой кайтарткан сыяктуу болуп жатат». 

Мамлекеттик мүлк фондунун карамагында 100дөн ашык ишкана бар. Расмий маалымат боюнча 2019-жылы мамлекеттик мүлктү башкаруудан бюджетке 2,4 миллиард сом түшкөн.

Саясатчы Равшан Жээнбеков Санариптик өнүгүү министрлиги ишканаларды жакшыртарына ишенбейт жана аларды өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте өлкөдөгү инвестициялык климатты жана сот адилеттигин орнотуу керектигин айтат.

Анын божомолунда, мындай чечимге Ширшовдун кандайдыр бир деңгээлде тиешеси болушу мүмкүн.

«Биз Ширшовдун кыргыз экономикасына, саясатына аралашуусун мыйзамсыз,  адилетсиз жана туура эмес деп эсептейбиз. Бул иштерге Ширшовдун кандайдыр бир деңгээлде тиешеси бар деп ойлойбуз. Себеби ал келгенден кийин бир топ акчалуу, пайдалуу, көрүнүктүү мамлекеттик компаниялардын бир кезде Ширшовдун кол астында министрдин карамагына өткөрүп берилиши тарыхта болуп көрбөгөндөй прецедент жаратып жатат. Мурда мындай болгон эмес. «Санариптик өнүгүү министрлиги банкты, «Кыргызтелекомду» башкарат» деген биздин тарыхта да, дүйнөлүк экономикада да биринчи жолу болуп жаткан нерсе. «Эмне үчүн кылып жатат, кандай максаттары бар, келечекте өнүгүүгө алып келе алабы, жокпу, болбосо коррупциялык гана негизде берилип жатабы?» — деген маселе турат«.

Эске салсак, 10-майда «Дастан» ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов Кыргызстанга кайтып келгенде УКМК камакка алып, бирок жарым суткадан кийин соттун чечими менен үй камагына чыгарып жиберген.

11-майда Kaktus.media өздүк булактарына таянып, Ширшов санариптик өнүгүү министри Талантбек Иманов менен чогуу «Дастан» ишканасынын жетекчиси Эрик Апышевдин иш бөлмөсүндө болгонун, ал жерде эки сааттай баарлашканын жазган. Анда Ширшовдун Эрик Апышевдин кызматтык унаасы менен «Дастан» ишканасынын аймагынан чыгып баратканы да видеого тартып алынган.

Президент Садыр Жапаров Ширшовдун Кыргызстанга келишин Максим Бакиевдин эсебиндеги 200 млн долларды кайтарууга жардам берери менен түшүндүрүп, өзү кабыл алганын айткан.

Санариптик өнүгүү министри Талантбек Иманов 2010-жылдын 7-апрелине чейин Ширшовдун жеке айдоочусу болуп иштеген. Ширшов 2010-жылдын 7-апрелинен кийин Кыргызстандан качып кетип, Садыр Жапаров бийликке келгенде кыргызстанга кирип-чыгып жүргөнү айтылган.

Exit mobile version