Марал Радиосу

Бүгүн жайкы туристтик сезондун ачылышы болот

Туристтик сезондун ачылышына карата Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Көргөзмө-жарманке 13-14-май күндөрү Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» борборунда болот. Анда облустардан келген кол өнөрчүлөрдүн эмгеги коюлат. Ошондой эле 200гө жакын компания катышары күтүлүүдө.

Көргөзмөнүн ачылышы 13-майда саат 18.00дө өлкө жетекчилигинин катышуусунда болот.

Мындан тышкары улуттук аспаптардын көргөзмөсү, салбуурун оюну жана майрамдык концерт өткөрүлөт.