Марал Радиосу

Тимур Мадяров Баткен облусунун губернаторунун орун басары болду

Министрлер кабинетинин төрагасынын буйругунун негизинде президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп Тимур Мадяров дайындалды. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

Тимур Мадяров 1978-жылы 20-июлда Чүй облусунун Москва районунун Предтеченко айылында туулган. 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин «Юриспруденция» адистигин бүтүргөн. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы класстык чендеги кеңешчиси.

Эмгек жолун 2000-жылы финансы (салык) полициясында ар кандай оперативдүү-тергөө жетекчилик кызматтарда кызмат өтөө менен баштиаган. 2008-2010-жылдары Президенттин Администрациясында эксперт катары эмгектенген. 2020-2021 -жылдары Өкмөттүк Аппараттын чек ара маселелери боюнча атайын өкүлчүлүгүнүн катчылыгынын эксперти болгон.