Марал Радиосу

Өзгөн районундагы жол кырсыктан айдоочу эки баласы менен каза тапты

«Бишкек — Ош» унаа жолундагы кырсыктан 3 адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык кечээ, 11-майда болгон. Өзгөн районундагы Ана-Кызыл айылынын кан жолунан Toyota land Cruiser-200 менен Daewoo Matiz унаалары кагышкан. Кырсыктан Daewoo Matizдин 1991-жылы туулган айдоочусу жеринде, айдоочунун 2016-жылы туулган уулу жана 2017-жылы туулган кызы ооруканадан каза тапкан.

Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын облустук бөлүмү берген маалыматка караганда, андан тышкары Daewoo Matizдин айдоочусунун 1992-жылы туулган жубайы, Toyota land Cruiser-200 унаасынын 1972-жылы туулган айдоочусу, ушул эле унаадагы 2003-жылы жана 2006-жылы туулган балдар жана дагы эки адам оор абалда ооруканага түшкөн.

Жерине ӨКМдин райондук бөлүмүнөн 4 куткаруучу жөнөтүлгөн. Бирок алар барганга чейин эле маркумду, жаракат алгандарды «Тез жардам» кызматы райондук ооруканага алып кеткен.

Бул боюнча Өзгөн райондук милициясы кылмыш ишин козгоп, тиешелүү экспертиза дайындалды.