Марал Радиосу

Бишкекте 16-майдан баштап ысык суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 16-майдан тартып бир айга ысык суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.

Мындай чечим жыл сайын болуучу профилактикалык иштерди жүргүзүү максатында жана кышка даярдануу үчүн кабыл алынган.