Президент Садыр Жапаров чет жерде окуп жаткан жаштарга дем берүү, алардын кайтып келип, өлкөгө кызмат кылуусуна шарт түзүү максатында «Эл үмүтү» программасы иштелип чыкканын жарыялады. Андан белгилүү болгондой, чет өлкөнүн алдыңкы 100 окуу жайына тапшырган кыргызстандык студенттер мамлекеттик стипендия менен камсыз болот. Жаңы ачылган программа өлкө үчүн кандай пайда алып келет? Негизи ушул сыяктуу программалар келечекте үзгүлтүксүз иштеп кетиши үчүн кандай механизмдер керек? Бул суроолорго алдыда жооп издейбиз.
1995-жылы ошол кездеги президент Аскар Акаевдин демилгеси менен «XXI кылымдын кадрлары» стипендиялык программасы ишке кирген. Андагы максат жаштарды чет жерде окутуп, ал жерден алган сабактарын, тажрыйбасын Кыргызстанга пайдалануу, аларды өлкөгө иштетүү болгон. Программанын шарданы менен жүздөгөн улан-кыз дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларына билим алууга кеткен. Бирок кийин программа көзөмөлгө толук алынбай, мамлекеттин эсебинен чет жакта билим алган жаштардын көпчүлүгү Мекенине кайткан эмес. «XXI кылымдын кадрлары» программасы 2013-жылы Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен расмий түрдө жоюлган.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов кайра демилгеленип жаткан Президенттин «Эл үмүтү» стипендиялык программасын жүзөгө ашыруу үчүн жакын арада комиссия түзүлүп, студенттерди тандоо шарттары, критерийлери бекитилерин айтты. Тандалып алынган абитуриенттер жана алардын ата-энелери Каржы министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги менен келишим түзөт. Анда аларга Кыргызстанга кайтып келип, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн иштеп берүү талабы коюлат.
«XXI кылымдын кадрлары» программасы тилекке каршы, аягына чыкпай калган. Бирок азыркы тапта президент демилгелеген программа Билим берүү министрлигинин, тиешелүү органдардын, жергиликтүү калктын жардамы менен ишке ашат деп ойлойм. Бул жерде жогорку окуу жайдын ар бир бүтүрүүчүсү бул программа аркылуу чет жактан билим алып келүүгө умтулуп, аракет кылышы керек. Биз да өз убагында жакшы натыйжа, тажрыйба көрсөтүшүбүз керек. Окуп келгенден кийин жаштар сөзсүз эле «жакшы кызматка» эмес, майда болсо да, мамлекеттик кызматта иштеп, өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзүшү шарт».
Коомдук ишмер Сейтек Качкынбай «XXI кылымдын кадрлары» программасынын алкагында Кытайдан окуп, Мекенине кайтып келгенде мамлекеттик кызматта иштөөсү үчүн өкмөттөн жана программанын координаторлорунан колдоо болгон эмес.
Ал мындай кадам такыр туура эместигин айтып, программа аркылуу бүтүп келген жаштарды сөзсүз түрдө мамлекеттик кызматка тажрыйба талап кылбастан дайындоо керек деп эсептейт.
Качкынбайдын пикиринде, «Эл үмүтү» программасы — абдан керектүү долбоор. Анын тагдыры узак мөөнөттүү болушу үчүн бир нече нюанстарды эске алып, тийиштүү механизмдерди иштеп чыгуу зарыл.
«Эл үмүтү» – эң сонун долбоор. Бул программаны сындап жаткандай көрүнбөсүн, бирок мурдагы программалардай унутта калып кетпеши үчүн реалдуу сунуш айткым келип жатат. Алгач окуп билим алып келген жаштарга коридор түзүү керек. Тактап айтканда, кайтып келген, мамлекеттик кызматта иштейм деген бүтүрүүчүлөрдү кызматка дайындап, иштегенге мүмкүнчүлүк берүү керек. «Тажрыйбаң, стажың жок экен», — дебестен, шар эле дайындап, иштетип коюу керек. Экинчиден, дүйнөнүн алдыңкы университеттеринин тизмесин кеңейтүү зарыл. Маселен, Топ-100 деп жатпайбызбы, жок дегенде 600 же 800гө чейин кеңейтүү абзел».
Коңшу Казакстан «Болашак» программасын 1993-жылдан бери ийгиликтүү иштетип келет. Учурда стипендиаттарынын саны 15 миңден ашты. Кыргызстандык жаштарды меценаттардын колдоосу менен чет өлкөгө окууга жиберүүгө аракет кылып жүргөн ишкерлердин бири Хабиб Арзыкулов Казакстанды мисал келтирип, программа үзгүлтүксүз иштеп кетиши үчүн мамлекет банктар менен кызматташып, бөлүп төлөө келишимин түзүшү керектигин белгилейт.
«Долбоорду узак мөөнөткө ишке ашырам десе, анда мамлекет биздин банктар менен кызматташышы керек. Банктар менен сүйлөшүп, бөлүп төлөө ыкмасы менен студенттерди окутса болот. Ошондой эле банктар да пайызсыз берүүгө колдоо көрсөтсө, узак мөөнөткө келишим түзсө, сонун мүмкүнчүлүк болмок. Эгер ушунун артында Президент, Билим берүү министрлиги да турса, программанын мөөнөтү да, жыйынтыгы да жакшы болот».
Буга чейин чет өлкөдөн билим алып келгендерди мамлекеттик кызматка аралаштыруу жол-жобосу иштелип чыккан эмес. Ошол эле маалда аларды өлкөгө алып келүү аракеттери көрүлгөн эмес. Стипендиаттар Мекенине келгенде ылайыктуу жумуш издөөгө аргасыз болгон. Мындай пикирин «Юникурс» окуу борборунун негиздөөчүсү, бир кезде Кореядан билим алган Нурсултан Алтыбаев билдирди.
Ал «Эл үмүтү» программасын толук ишке ашыруу үчүн каржы булагын так аныктоону жана бүтүрүүчүлөрдүн кайтып келип, Мекенинде иштөөсүн тыкыр көзөмөлдөп, аларга шарт түзүп берүүнү сунуштады.
«Бул программанын ишке ашышы – каржылык абалдан көз каранды. Президент алдыда дагы канча иштейт? Бюджеттин акыбалы жыл сайын ушундай көлөмдө акча бөлүп турганга жетеби? Кийинки президент: «Натыйжасыз, ийгиликсиз долбоор экен», — деп жоюп салбайбы? Мындай жагдайлар жаралбашы үчүн каржы механизмдерин так иштеп чыгуу керек. Кийинкиси, мисалы, мен дүйнөнүн алдыңкы университетинде окуп келип, 15 миң сом айлыкка иштемек эмесмин. Мендей ойлонгондор чекеден саналышы мүмкүн. Ошондуктан кайтып келген бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик кызматка кабыл алуу маселесин чечип, алардын айлык-маянасын бул жакта иштеп жаткандардан жогорулатып берүү зарыл».
Айта кетсек, «XXI кылымдын кадрлары» программасынын алкагында Кыргызстандын жаштары АКШ, Германия, Орусия, Кытай, Малайзия, Австрия, Австралия, Италия, Аргентина, Украина, Словакия, Чехия, Иордания, Индия, Түркия, Англия, Түштүк Кореянын алдыңкы окуу жайларына жөнөтүлгөн.
Мамлекеттен каржыланган программанын аркасы менен 18 жылда канча кыргызстандык сырттан окуганы тууралуу так маалымат жок. Президенттин администрациясы программанын документтери 2005-жылдын 24-мартында жана 2010-жылдын 7-апрелинде болгон төңкөрүш маалында өрттөнүп кеткенин айтышты.
«XXI кылымдын кадрлары» программасынын стипендиаттары болжол менен миңдин тегерегинде. Алардын канчасы Мекенине кайра кайтып келгени да такталган эмес.
Индия дүйнөлүк IT-компанияларды жетектеген кадрларды кантип чыгарды?