Марал Радиосу

Эрбол Султанбаев депутаттарды коңшу өлкөлөргө сын айтууда этият болууга чакырды

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Жогорку Кеңештин депутаттарын эл аралык мамилелер боюнча сын-пикир айтууда этият болууга чакырды.

«Депутат — бул саясий кызмат. Ар бир айткан сөзүңүздөргө эл аралык майданда маани берилет жана ага карата реакция да болушу мүмкүн.

Кудайга шүгүр, бүгүнкү күндө бардык мамлекет, анын ичинде коңшулар менен да жакшынакай кызматташып келүүдөбүз. Албетте, айрым жагдайлар бар, бирок негизинен жаман эмес. Бардык көйгөйдү эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алып,  сүйлөшүү жолу менен чечип жатабыз», — деди ал.