Марал Радиосу

Тогуз жыл мурун каза тапкан эки адамдын өлүмүнө шектүүлөр кармалды (видео)

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы тогуз жыл мурун киши колдуу каза тапкан эки адамды өлтүрүүгө шектүүлөр кармалганын кабарлады.

2013-жылы Токмок шаардык милициясына 1988-жылы туулган Т. Ишенов жана 1989-жылы Н. Кунбасов аттуу жигиттер изделип жатканы тууралуу эки арыз түшкөн. Алар 22-октябрда үйлөрүнөн чыгып кетип, кайрылып келген эмес. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (адам урдоо) менен иш козголуп, издөө башталган.

2014-жылдын 3-майында Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айыл өкмөтүндө ээн талаадан адамдын сөөгү жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барып иликтөө жүргүзгөндө, изделип жаткан эки жигит экени такталган. Туугандары кийиминен жана сөөгүндөгү айрым белгилерден таанып, далилдеп беришкен.

Буга байланыштуу «адам урдоо» беренеси менен козголгон кылмыш иш «адам өлтүрүү» беренесине алмаштырылып, кылмышкерлерди издөө ушул өңүттө уланган.

Бул ишке шектүүлөр 1985-жылы туулган Х.Ш. менен 1964-жылы туулган Х. Ж. кечээ, 10-майда кармалган.

Алдын ала маалыматка караганда, кармалгандар ата-бала болушкан. Каза тапкан эки жигит менен баласынын ортосунда чыр чыгып, андан соң алар жигиттердин башын жанчып өлтүрүп, ээн талаага көөмп салышкан.

Шектүүлөр 2014-жылы да суракка алынып, бирок жалган көрсөтмө берип, кутулуп кетишкени маалым болгон.