Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 12-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшөт.
Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде нөшөрлүү жаан жаайт.
Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолорунда жаан жаайт, Ош, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26,
Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25,
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21,
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21.
Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +24…+26 градус болот.