Марал Радиосу

16-17-майда хор ырдоочулардын сынагы өтөт

16-17-майда «Достук-2022» хор искусствосу республикалык сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Сынакка өлкөнүн ар кайсы аймактарынан жана окуу жайлардан келген хор жамааттары курагына, сахнада жүргөн жылдарына, атак-наамына карабай катыша алат.

Сынактын тандоо туру 16-май саат 9:00дөн тарта К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын концерттик залында болот.

17-майда саат 19:00дө Кыргыз улуттук тарых музейинин алдында жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанаты өтүп, концерттик программа менен коштолот. Ошондой эле жабылыш аземде бардык хор жамааты Султан Юсуповдун «Кыз бала экен жылкычы» ырын, Карл Орфтун «Кармина Бурана» кантатасындагы «Фортуна» ырын жана Насыр Давлесовдун «Селкинчек» ырын биргеликте аткарышат.

Жыйынтык концертке Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын камералык хору жана А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын хору да катышары күтүлүүдө.