Марал Радиосу

Токаев менен Эрдоган стол теннисин ойношту (сүрөт)

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган расмий иш-чаралардан кийин стол теннисин ойношту. Мамлекет башчыларынын оюндан сүрөттөрү Казакстандын президентинин басма сөз кызматынын Телеграм каналына жарыяланды.

Буга чейин Токаев 13 жыл Казакстандын стол тенниси федерациясынын президенти болгон. Президенттин басма сөз кызматы казак президенти спорттун бул түрүнүн күйөрманы экенин белгилеген.

Кошумчалай кетсек, Касым-Жомарт Токаев Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен учурда Түркияда мамлекеттик сапар менен жүрөт.