Марал Радиосу

Украинанын биринчи президенти каза болду

Украинанын биринчи президенти Леонид Кравчук 10-майда, 88 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары кабарлаганын украиналык басылмалар жазды

Кравчук жергиликтүү убакыт боюнча 10-май күнү саат 17:00дө узакка созулган дарттан улам ааламдан өткөн.

Леонид Кравчук эгемен Украинаны 1991-1994-жылдар аралыгында башкарган. 1994-жылы президенттик шайлоодо атаандашы Леонид Кучмага жеңилип, кызматтан кеткен.

Кравчук — 1991-жылы СССРдин расмий таркалышын жарыялаган Беловожск келишимине кол койгон үч адамдын бири.

Ал келишимге кол койгон Беларустун туңгуч президенти Станислав Шушкевич да 88 жашында 4-май күнү каза болгон.

Аккан арыктан суу агат же жакынкы тарыхтагы ата-бала президенттер