Марал Радиосу

Түндүк-Түштүк жолунун айрым бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

11-майдан 18-майга чейин Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Арал айылынан Казарман айылына чейинки бөлүгү (195-чакырым – 291-чакырым) унаа кыймылы үчүн жабылат.

Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолдун бул тилкесинде сел жүрүү жана таш кулоо коркунучу бар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 10-майдан 14-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөрүн, буга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерткен.

Транспорт министрлиги жогоруда айтылган жол тилкесинде селден жана жер көчкүдөн тазалоо иштерин жүргүзөт.