Марал Радиосу

Садыр Жапаровдун үйү 28 млн 50 миң сомго сатылды

Президент Садыр Жапаровдун Мамлекеттик ипотека компаниясына берген үйү сатылды. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, өлкө башчы үйүн ипотекалык компанияга 2021-жылдын 30-сентябрында өткөрүп берген. Президенттин айтымында, бул үйдү 2005-жылы сатып алышкан. 2010-жылдары башка жакка көчүп кетишип, ошол убактан бери бала бакча катары иштеп келген.

Мамлекеттик ипотекалык компания ошол жылдын 24-декабрында үйдү сатуу үчүн аукцион жарыялаган. Анда үйдүн өздүк баасына 20% кошуп, 33 млн 700 миң сомго (396 миң 470 доллар) бааланган.

Биринчи тоорукта өтпөй калып, андан соң экинчи ирет 20%ды алып салып, 28 млн 46 миң 800 сомго (330 800 доллар) коюшкан. Натыйжада аты-жөнүн ачык айтпоону өтүнгөн адам 28 млн 50 миң сомго сатып алган.

Түшкөн акча «Менин үйүм-2021-2026» турак жай программасынын катышуучуларына даяр үй салуу үчүн сарпталары айтылды.

Өлкө башчы үйүн берип жаткан учурда мындан түшкөн акчага 10 үй-бүлөнү турак жай менен камсыздаса болорун билдирген болчу.

Жапаров өз үйүн Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп берди (сүрөт)