Марал Радиосу

11-12-майда туруксуз аба ырайы күтүлөт

10-майда күндүз жана 11-12-майда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы күтүлүүдө.

Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

10-14-майда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлүү коркунучу бар.