Марал Радиосу

Эскертүү: 10-11-12-майда жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн

10-майда күндүз жана 11-12-майда өлкө аймагында жаан жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Тоолуу аймактарда кар, айрым жерлерде мөндүр жаашы мүмкүн. Үч күн жааган ак жаандан сел жүрүп кетүү коркунучу бар.

Аба ырайы суук тартып, батыштан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жеткен шамал согот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги малчыларды, дыйкандарды, айдоочуларды сак болууга чакырды.