Марал Радиосу

Аба ырайы: 9-майда күн ачык болот

Фото: Белек Мусаев

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 9-майда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31,

Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34,

Ысык-Көл менен Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы, түнкүсүн 16…18, күндүз 30…32 градус ысык болот.