Марал Радиосу

Таласта мугалимдердин XI эл аралык илимий симпозиуму башталды

Бүгүн, 6-майда Талас шаарындагы Талас Мамлекеттик университетинде “Салттуу билим жана заманбап технологиялар: Баланы өнүктүрүүдөгү жана тарбиялоодогу жаңы мамилелер” аттуу XI эл аралык илимий-практикалык симпозиуму башталды.

Симпозиум Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту менен «Ыйык Ата Журт» коомдук жаштар фонду тарабынан уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты ааламдашуу шартында билим берүүдөгү жана тарбиялоодогу келечектүү багыттарды аныктоо, өнүгүү стратегияларын, тарбиялоо концепцияларын талкуулоо, өлкөдө алдыңкы мугалимдеринин иш тажрыйбаларын жайылтуу жана заманбап инсанга болгон талаптарды аныктоо.

Жыйынга өлкөнүн бардык аймактарынан мектептин жана жогорку окуу жайлардын мугалимдери катышууда. Ошондой эле Өзбекстандан, Пакистандан жана Казакстандан мугалимдер келишкен.