Бишкекте 27 жаштагы кыз «Достук» мейманканасынын 7-кабатынын балконунан кулап кеткен. Ал алган жаракатынан улам тез жардам келгенге чейин каза болуп калган.
Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 3-майда болгон. Маркум 1995-жылы туулган М.И. аттуу кыз болгон.
Учурда керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.