Марал Радиосу

Ошто таттуудан ууланган жарандардын сегизи ооруканада

Ош шаарында сапатсыз кондитердик азыктан ууланган адамдардын сегизи ооруканада дарыланууну улантууда. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

1-майдан 3-майга чейин Ош шаарынын медициналык мекемелерине тамак-аштан уулануу белгилери менен 40 адам түшкөн, анын ичинен 21и 14 жашка чейинки балдар, 19 чоңдор.

Жабыркагандар Кара-Суу районундагы «Сахобат» деп аталган кондитердик цехте жасалган таттуу токочторду жегенден кийин өздөрүн жаман сезе башташкан.

Бул окуядан кийин кондитердик цехке 7500 сом айып салынып, азыктары дүкөндөрдөн алынган.