Марал Радиосу

«Мурас» турнири: Президенттин командасы финалда

Бүгүн, 5-майда «Мурас» футболдук турнири уланууда. Жарым финалда төмөнкү командалар беттешет:

— «Президенттин Администрациясы» / «Алга»;

— «Жогорку Кеңеш» / «Ыйман».

Жарым финалдын алкачкы беттешинде  «Президенттин аппараты» — «Алга» командасын 4:0 эсеби менен утуп алды. 

Биринчи таймдын 13-мүнөтүндө президент Садыр Жапаров беттеште эсепти ачып, 90 секунддун ичинде дагы 3 гол киргизди. Турнир алкагында Жапаров жалпы 10 гол киргизди.

Бүгүн оюндар (бир тайм) 10 мүнөт эмес, 15 мүнөттөн болууда.

Кыргыз футбол бирикмеси жана президенттин администрациясы тарабынан уюштурулган мелдеш 4-5-майда «Газпром» ден соолукту чыңдоо комплексинде өтүүдө.