Марал Радиосу

Баткен облусун өнүктүрүү жол картасына кошумча сунуштар киргизилет

Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Анда облусту өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен каралган 500 миллион сомду бөлүштүрүү планы талкууланды.

Экономика жана соода министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Баткен, Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаарларынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду каржылык колдоо боюнча чечим кабыл алынды.

Ошол эле учурда, Баткен облусун 2021-2035-жылдарга карата өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча Жол картасына көптөгөн долбоорлор кирбей калганы айтылды. Буга байланыштуу министрлер кабинетине жол картасына толуктоолорду киргизүү сунушталды.

Кеңешменин жыйынтыгында район-шаарлардын жетекчилерине 11-майга чейин жумуш орундарын түзүү, калктын кирешесин камсыздоо, ошондой эле облустун экономикасын өнүктүрүүгө багытталган көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча пландарды даярдоо тапшырылды.