Марал Радиосу

«Иштамберди» кенинде жумушчулар иш таштады

Жалал-Абад облусундагы «Иштамберди» алтын кенинде кытайлык «Фулл Голд Майнинг» компаниясынын жумушчулары беш күндөн бери иш таштоодо.

Бул тууралуу Кыргызстандын тоо-металлургиялык профсоюзунун төрагасы Эльдар Тажибаев билдирди.

Анын маалыматына караганда, жумушчулар айлык акыны 50% көтөрүүнү жана тамак-аштын сапатын жакшыртууну, жумушта колдонулган жабдуулардын баасын айлык акыларынан мыйзамсыз кармап калууларды токтотууну талап кылышкан.

«Фулл Голд Майнинг» компаниясы жумушчулардын айлыгын 10% көбөйтүүнү сунуштаган, бирок буга макул болбой 30-апрелде кендеги ишти токтотушкан.

Буга чейин да ушул жана башка маселелер боюнча Кыргызстандын тоо-кен металлургиялык профсоюзунун укуктук-техникалык инспекциясы текшерүүдөн кийин тиешелүү акт түзүшкөн. Бирок эмгек мыйзамдарын бузуулар боюнча чара көрүлгөн эмес.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин 1-майда кургак сактоочу жайдын, кайра иштетүүчү цехтин, автогараждын кызматкерлери ишке киришкен. Ал эми кен казуу участогунун жумушчулары, анын ичинде жер астындагылар да иш таштоосун улантышууда. Алардын саны 300дөн ашары айтылат.