Бүгүн, 4-майда Ош шаарында салтка айланган жазгы веложарыш өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чаранын ачылышына шаардын вице-мэри Венера Рыскулова катышты. Ал калктын саламаттыгын сактоо үчүн спорт менен машыгуу маанилүү экенин айтты.
Мэриянын алдын ала эсептөөсү боюнча, веложүрүшкө 2 миңдей адам катышты.