Марал Радиосу

Футзал боюнча «Мурас» турниринен сүрөттөр

Бишкекте 4-майда президент футзал боюнча «Мурас» достук мелдеши өтүүдө.Иш-чара Кыргызстандын футбол бирлигинин жана президенттин администрациясынын демилгеси менен уюштурулду.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров мелдешти ачып жатып, өткөн жылы Кыргызстанда кыргыз футболунун 100 жылдыгы белгиленип, футбол боюнча достук турнири өткөнүн, андан соң мындай иш-чараларды жылына эки жолу үзгүлтүксүз өткөрүү чечими кабыл алынганын эске салды.